ТОКТОМ

Бүгүнкү күндө “ТОКТОМ” – укуктук ченемдик жана башка иш кагаздарынын мамлекеттик эмес эң ири архиви болуп эсептелет. “ТОКТОМдо” берилген документтер, аналитикалык иштерди аткарууда юристтер, аудиттер жана бухгалтерлер, банктык жана каржылык уюмдардын кызматкерлери, мекеме, ишканалардын жетекчилери жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан күнүмдүк ишинде колдонулуп келинет.

“ТОКТОМ” маалымат борбору укуктук маалымат системаларын өндүрүү менен гана чектелбестен жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтөт. “ТОКТОМ” системасынын колдонуучуларын тейлөөдө укуктук жактан колдоо, кызмат көрсөтүүнүн жогорку сапаты жана ар бир колдонуучуга болгон жекече мамиле камтылат. Бул үчүн компания тарабынан колдонуучулар үчүн “тез байланыш” мүмкүнчүлүгү түзүлүп,  системанын иштеши, сатып алуу, тейлөөнү андан ары улантуу боюнча пайда болгон суроолор тез арада чечилет жана документтерди системадан издөө боюнча кеңешмелер ыкчам түрдө берилет.

“ТОКТОМ” МБ кардарлар базасына эки миңден ашык ар түрдүү компаниялар кирет. Алар, ири банктар, чет элдик элчиликтери, эл аралык уюмдар, мамлекеттик мекемелер, юридикалык компаниялар, бизнес-борборлор, коомдук бирикмелер, туристтик агенттиктер, ошондой эле бир топ башка уюмдар.

“ТОКТОМ” маалымат борборунун негизги иш багыттарынын бири болуп  мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара маалымат алмашуу программасы эсептелет.

Маалымат алмашуу Программасына 40тан ашык аткаруучу, мыйзам чыгаруучу жана сот бийлик бутактарын түзгөн мамлекеттик мекемелер менен түз маалыматтык алмашуу жүргүзүлгөндүктөн “ТОКТОМ” маалымат борборунун кардарларына укуктук ченемдик актыларды маалымат булактардын өзүнөн түз алып берүүгө мүмкүнчүлүк бар.

 Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар мейкиндигинде “ТОКТОМ” маалымат борбору ишенимдүү жана калыптанган компания катары башкы орунду ээлейт.